Суу ресурстары кызматы 10 айда 4.72 млрд сомго каржыланды

2023-жылга КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын бекитилген бюджети 4 млрд 431 млн сом суммасында каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Каражаттардын ичинде:

• бюджеттик каражаттар – 1 млрд сом;

• атайын каражаттар – 126.7 млн сом;

• мамлекеттик инвестициялык фонддор – 3.2 млрд сом.

Ирригациялык системаларды оңдоо-калыбына келтирүү иштерине бюджеттик каражаттардын ичинен бөлүнгөн 162.1 млн сом толугу менен каржыланды.

2023-жылдын 10 айында иш жүзүндө 4.7 млрд сом каржыланды.