Ысык-Көлдө Мамкурулуш 7 мектеп пайдаланууга берди

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги Ысык-Көл облусундагы мектептердин жана бала бакчалардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата Мамкурулуш облус боюнча 7 мектепти пайдаланууга берди, дагы 5 мектептин курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын 15-декабрына чейин бүткөрүлөт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамкурулуштун кызматкерлерине мектеп жана бала бакчалардын курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.