> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажыда товардын баасы 505 миң долларга арзандатылгандыгы  аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/21/bazhyda-tovardyn-baasy-505-min-dollargha-arzandatylghandyghy-anyktaldy/
- Published: 2023-11-21T12:20:19.000Z
- Updated: 2023-11-21T12:20:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын июль айында КЭРден «М» ЖЧКсынын дарегине, товар коштоочочу документтери боюнча жалпы баасы 640 000 АКШ долларын түзгөн 1 бирдик сандагы комплекттеги магниттик-резонанстык томография товары келип түшкөн. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.**

«М» ЖЧКсы аталган бажы декларациясында товардын баасын 505 000 АКШ долларына арзан баалагандыгы аныкталган. Төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 5 432 549 сомду түздү.

Факты КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар карап чыгуу жана маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.