Бажыда товардын баасы 505 миң долларга арзандатылгандыгы аныкталды

2023-жылдын июль айында КЭРден «М» ЖЧКсынын дарегине, товар коштоочочу документтери боюнча жалпы баасы 640 000 АКШ долларын түзгөн 1 бирдик сандагы комплекттеги магниттик-резонанстык томография товары келип түшкөн. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

«М» ЖЧКсы аталган бажы декларациясында товардын баасын 505 000 АКШ долларына арзан баалагандыгы аныкталган. Төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 5 432 549 сомду түздү.

Факты КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар карап чыгуу жана маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.