Бишкек жана Чүйдө алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды

УКМК жана Алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2023-жылдын 17-ноябрында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында өндүрүштүк масштабдагы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Береке универсал» соода борборунда күмөндүү акциздик маркалары бар даяр алкоголдук продукциянын ири партиясы табылган.

• 12.1 миң даана өлчөмүндө алкоголдук продукция;

• 4 676 даана күмөндүү акциздик маркалар;

• 474.5 литр спирт;

• 7 миңден ашык энбелгилер;

• 889 литр (самогон) алкоголдук продукция;

• 3 даана алкоголдук ичимдиктерди даярдоочу аппарат.

Учурда кылмыш ишин козгоо үчүн маанилүү болгон иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.