Кыргызстандын жети шаарында кесиптер жарманкеси өтөт – даректер

Кыргызстандын жети шаарында бош иш орундар жана кесиптер жарманкелери өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада өлкөнүн 250дөн ашык алдыңкы компанияларынын 10 миңден ашык бош орундары боюнча маалыматтар көрсөтүлөт. Иш-чара жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү аянтчасы болуп саналат, анда потенциалдуу иш берүүчүлөр жана жумуш издөөчүлөр, ошондой эле бизнес жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жолугушат.

Жарманкеде иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүшөт. Мектеп окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышат. Жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилет. Мындан тышкары, ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында мастер-класстарды өткөрүшөт.

Бош иш орундар жана кесиптер Жарманкеси төмөнкү шаарларда акысыз өткөрүлөт: