Өкмөт жөлөк пул алгандардын фотосүрөттөрүн жарыялоого даяр

Министрлер кабинети жашоо деңгээли төмөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн Кытайдын методологиясын колдонуу тууралуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 20-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Дүйнөлүк банктын методологиясын колдонот. Ага ылайык республикада 1.5 млн унаа бар, бирок жарандардын көпүлүгү жакыр деп эсептелет.

“Биз Кытайдын методологиясы жөнүндө сурадык. Алар бардык үй-бүлө мүчөлөрүн сүрөткө тартышат. Биз да бул методологияга өтүп жатабыз. Келээрки жылы ага өтөбүз. Учурда 212 миң үй-бүлө сүрөткө тартылып, маалыматтар такталды. Өзүн кедей деп эсептегендер сүрөткө тартабыз. Мисалы, Аксыда бир адам волейбол ойнойт экен, кечинде карта ойнойт, бирок 8 миң сомдон жөлөк пул алат деген маалымат бар», - деди Жапаров.