Бишкекте рейд учурунда 30 жакын тышкы жарнама түзүмдөрү алынды

Бишкектин Биринчи май районунун акимиаты 30га жакын жарнамалык конструкциялар алып, демонтаждоо иштеринин узундугу 1 кмди түздү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Акимиаттын тарабынан кийинки күнү райондук салык кызматы менен биргеликте Фучик көчөсүнөн баштап Кустанай көчөсүнө чейин узундугу 3.5 чакырымды түзгөн Профсоюз көчөсүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча текшеришти.

Жыйынтыгында АИ-92 үлгүсүндөгү 200 литр бензин алынып, 12 миң сом өлчөмүнүндө 4 протокол түзүлдү. Жыл башынан бери 1 миллион 890 миң сом каражатка 324 протокол түзүлгөнүн кошумчалайбыз.