Депутаттар Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн талкуулашты

“Ынтымак” парламенттик фракциясынын жыйынында кайрылман статусун алып, өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздар жана бир катар тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Фракциясынын лидери Марлен Маматалиев буга чейин “КРна көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынганын бирок, иш жүзүндө бир топ мүчүлүштүктөр орун алып жатканын белгиледи .

“Биздин максат аталган мыйзамдагы айрым карама-каршылыктарды карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизүү. Антпесе мыйзам иштебей, кайрылман статусун алган жарандар кыйналып жатышат”,-деди депутат.

Жыйынга катышкан кайрылман статусун алып жүргөн этникалык кыргыздардын айтымында, учурда кайрылмандардын негизги көйгөйү – паспорт маселеси. Андан сырткары, балдарды мектеп, бала–бакчаларга жайгаштыруу, ооруканада дарылануу жана турак-жай менен камсыз болуу сыяктуу бир топ кыйынчылыктар болууда.

Отурумда фракция мүчөлөрү тиешелүү органдар менен биргеликте аталган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.