> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар Россиядагы мекендештер менен жолугушту
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/22/dieputattar-rossiiadaghy-miekiendieshtier-mienien-zholughushtu/
- Published: 2023-11-22T07:00:09.000Z
- Updated: 2023-11-22T07:00:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**ЖК төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Медербек Алиев жана Сеидбек Атамбаев Оруссияда мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.**

Жолугушууда сөз сүйлөгөн Нурланбек Азыгалиев мекендештердин Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө, ошону менен бирге бөтөн жерде өз маданиятын, тилин сактап калууга кошкон чоң салымын белгиледи.

> “Сиздер өлкөбүзгө каржылык жактан гана көмөк көрсөтпөстөн, улуттук иденттүүлүгүбүздү дүйнөгө таанытууда да жардам берип келесиздер. Чет жерде түзүлгөн диаспоралар, маданий борборлор жана коомдук бирикмелер бул жаатта жигердүү иш алып барууда”, - деди.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү мамлекеттин миграциялык саясатынын бир катар актуалдуу маселелерин белгилеп, мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү мындан ары да уланаарын айтышты.