Таласта көмүр сатуучуга айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 21-ноябрында Бакай-Ата районунун айыл аймактарында жайгашкан көмүр сатылуучу жайларга мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө буга чейин Бакай-Ата районунда көмүр саткан ишкерлерге буйруктар таркатылып, бир нече оозеки эскертүү жана көрсөтмөлөр берилгенине карабастан, керектөөчүлөргө көмүрдүн бааларын көрүнүктү жерге илинбегендиги аныкталып, көмүр саткан ишкерге Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 390-беренесинин 4 – бөлүгүн негизинде 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.