Транспорттук мыйзамдарынын талаптарын бузуудан бюджетке 49.6 млн сом түштү

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2023-жылдын 10 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 524 562 унаа текшерилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Анын жыйынтыгында транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 686 протокол түзүлүп, 42 млн сом айып пул салынды.

Ошондой эле, жолго келтирген зыяндын ордун толтуруу жыйымы 4 млн сомду түздү. Ал эми бөлүнгүс ири көлөмдү жана оор жүк ташууга атайын уруксат берүүдөн 21 млн сом чогулду.

Жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 49 млн 602 миң 084 сом (2022-жылдын 10 айында — 22 682 439 сом) чегерилди.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлдү.