Акылбек Жапаров лотереянын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Салык кызматынын «Чекти талап кылып-байге утуп ал» лотереясынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.  

Такталгандай, Жапаров супер байгелерди – 9 электромобиль жана  чет өлкөгө саякаттоого 2 жолдомону тапшырды. 

Ал белгилегендей, өткөн жылы байге фонду 142 байгени түзсө, быйылкы жылы байгенин саны 2376 болгон.  

«Республика боюнча колдонуудагы кассалык контролдук машиналардын саны күн сайын көбөйүп, азыр дээрлик 68 миң субъектиге жетти. Менимче бул- экономикалык патриотизм. Мамлекетке түшкөн ар бир тыйын “жакшылык айлампасында” элге кайтарылып берилет: социалдык программаларды ишке ашырууга, мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, жолдорду курууга, айлык акыны, пенсияны, жөлөк пулдарды көбөйтүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет», - деди Жапаров.