Депутат Бактыбек Чойбеков Кореянын Седжон институтунун өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Кореянын Седжон институтунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы гуманитардык байланыштарды бекемдөө, билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты арттыруу боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.

Иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин жетекчилиги дагы катышып, Седжон институтунун базасында түзүлгөн Кыргыз тилдер жана маданият институту менен Талас мамлекеттик университетинин (ТМУ) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, жакынкы арада ТМУнун базасында Талас облусунун тургундарына корей тилин окутуу боюнча атайын акысыз курстарды уюштуруу каралды.

Андан тышкары, Талас мамлекеттик университетинин жана Кыргыз тилдер жана маданият институтунун студенттери үчүн Жогорку Кеңештин имаратында атайын экскурсия уюштурулуп, эл өкүлү жаштарды кызыктырган суроолоруна жооп берди.