Сузак районунда көмүр сатуучуга айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Сузак районунда 2023-жылдын 22-ноябрь күнү көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мониторинг учурунда Сузак районунун Таш-Булак айылында жайгашкан көмүр сатуучу жайда белгиленген баадан тоннасына 400 сомго жогору сатып жаткандыгы аныкталды.

Белгиленген максималдуу баадан жогору сатып жаткан көмүр сатуучуга КР “Укук бузуулар” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык 3000 (үч миң) сом айып пул салынды.

Көмүрдүн баасын төмөндөтүп, негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.