«Альянс Алтын» Талас облусундагы бала бакчаны керектүү жабдуулар менен камсыздады

Талас облусунун Айтматов районундагы Кара-Буура айылында 50 орундуу жаңы бала бакча курулду. Анын курулушу 2021-жылы жергиликтүү бюджеттин каражатына башталып, республикалык казынанын жана өнүктүрүү фондунун эсебинен бүткөрүлгөн.

Ачылышка КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, райондун акими Бектур Сагынбаев, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын тургундары катышты.

Батырбек Качкымбаевдин айтымында, Кара-Буура шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде бала бакчаны керектүү жабдыктар менен камсыздоо үчүн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан 406 миң сом бөлүнгөн.

«Биздин фонд Талас районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Жаңы бала бакчаны эмеректер менен камсыз кылуу – бул иштин бир бөлүгү. Бул жерден келечекте элибизге пайда алып келе турган балдар жана кыздар тарбияланат деп үмүттөнөбүз», - деди ал.

Нурлан Дарданов бала бакчаны эмеректер менен камсыздоого көрсөткөн жардамы үчүн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирип, 2023-жылдын аягына чейин бул аймакта дагы төрт билим берүү мекемеси пайдаланууга берилээрин белгиледи.