Араван районунда 225 орундук мектеп курулду – иштер 9 жыл мурун башталган

Ош облусунун Араван районунун Тоо-Моюн айылындагы “Кызыл-Талаа”  мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген.

Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: негизги класстардан сырткары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик зал.