> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде эки кабаттуу бала бакча ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/24/batkiendie-eki-kabattuu-bala-bakcha-achyldy/
- Published: 2023-11-24T04:40:34.000Z
- Updated: 2023-11-24T04:40:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушу мамлекет тарабынан каржыланып, жалпы аянты 406.4 чарчы метрин түзөт. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.**

Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган төмөндөгү шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары гимнастика менен машыгуу үчүн бөлмө, музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет каралган. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн зоналары - жабдылган аянтчалар курулду.

Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулар менен камсыздандырылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/404997622_854018626197188_2498333303158892569_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/405483165_854018529530531_4158591471756976607_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/405483239_854018642863853_847395057560805564_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/405483332_854018516197199_1125944166640759314_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/405485628_854018562863861_5971052255281886107_n.jpg)