Кара-Кулжада көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 23-ноябрында Кара-Кулжа районунун аймагында көмүрдүн баасына мониторинг жургүзүлдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Сатуучуларга, Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кара-Кулжа районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7.4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6 500 сомдон белгиленген.