Токтогулдун мэри кармалды – ал кен байлыктарды басып алган

Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А. тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2022-жылы Т.Э.А. жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси тараптан баш тартууну алган Т.Э.А. белгисиз адамдарды тарткан, анын ичинде И.Б.А. аттуу “Дөө Чынгыз” каймана аты бар Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон.

Андан соң жогоруда аталган адамдар физикалык күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын 50% үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, Т.Э.А.нын уулунун атына каттатып коюшкан.

Андан кийин аталган жерде кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган. Ошону менен бирге өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу Э.у.А., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.