> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда 2.6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзгөн
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/28/osh-oblusunda-2-6-mindien-ashyk-az-kamsyz-bolghon-ui-bulolor-sotsialdyk-kontrakt-tuzghon/
- Published: 2023-11-28T06:30:03.000Z
- Updated: 2023-11-28T06:30:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош облусунда 2.6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзгөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош шаарында Социалдык контракт программасынын аткарылышын көзөмөлдөө учурунда билдирди.**

«Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа Ош облусу боюнча 14.4 миңден ашуун адамдын, анын ичинен 8.6 миңи балдардын жашоо сапатын жакшыртты деп айта алабыз.

Буга мен бүгүн барган үй-бүлөлөр мисал боло алат. Алсак, үч баланын энеси Апсамат кызы Айпери мамлекеттен алган 100 миң сомуна дүкөн ачкан. Ал эми азыр анын айлык кирешеси 40-45 миң сомду түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/406192053_759762552860087_6989240621770525478_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/406271852_759762289526780_2036021623868494863_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/406256197_759761096193566_365600296045026714_n.jpg)