Оштун мэри бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар тургундарынын кайрылууларына ылайык, бир катар социалдык мекемелерден кабар алды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Калаа башчысы кошумча имаратты куруу жана тосмолорду оңдоп-түзөө боюнча кайрылуулардын негизинде “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы №16 орто мектебине жана №40 «Наристе» бала бакчасына барып, аталган мекемелердин шарттары менен таанышты.

Жеринде тиешелүү жетекчилер оңдоп-түзөө, шарттарын жакшыртуу боюнча жумуштардын иш-мерчемин түзүү жана келерки жылдын иш-планына киргизүү боюнча милдеттендирилди.

Соңунда мэр Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун №5 филиалында болду.

Мында оңдоп-түзөө жумуштарынын алкагында имараттын энергетикалык кубатуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн жумуштарды көрүп чыгып, бир жуманын ичинде бардык иштерди бүткөрүү, имаратты пайдаланууга берүү тапшырмасы берилди.