> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Суу чарба объектилерин оңдоо иштери 833.8 млн сомго каржыланды
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/28/suu-charba-obiektilierin-ondoo-ishtieri-833-8-mln-somgho-karzhylandy/
- Published: 2023-11-28T10:00:26.000Z
- Updated: 2023-11-28T10:00:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962.1 млн сом каралып, 2023-жылдын 27-ноябрына карата 833.8 млн. сом каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 618.5 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 648 гидротехникалык курулмалардын, 265 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 8 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 105 насостук станциялардын, 168 насостук агрегаттардын оӊдоо, 22 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 211,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 4232 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

Ал эми, Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын “капиталдык оңдоолор” титулдук планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.