Суу чарба объектилерин оңдоо иштери 833.8 млн сомго каржыланды

Суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962.1 млн сом каралып, 2023-жылдын 27-ноябрына карата 833.8 млн. сом каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 618.5 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 648 гидротехникалык курулмалардын, 265 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 8 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 105 насостук станциялардын, 168 насостук агрегаттардын оӊдоо, 22 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 211,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 4232 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

Ал эми, Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын “капиталдык оңдоолор” титулдук планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.