Депутататтар Стамбулдагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңештин делегациясы Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолукту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Ырысбек Атажанов жана Айбек Маткеримов катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР жарандарынын Түркияда жүрүүсүнө байланыштуу убактылуу же туруктуу жашоого уруксат алууну жөнөкөйлөтүү, консулдук кызматтарды алуунун жол-жоболору жана иш визасындагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, сунуштар айтылды.

Азыгалиев аталган маселелерди чечүү боюнча жана миграциялык саясатты жөнгө салууга багытталган иш-чаралар боюнча кеңири маалымат берди.

Стамбул шаарында жашаган мекендештердин кызыккан суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаттары жана Башкы консулдуктун кызматкерлери жооп беришти.

Ошондой эле депутаттар тобу Башкы консулдуктун иштөө шарты, консулдук кызмат көрсөтүү процесси менен таанышты.