Караколдо көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү

2023-жылдын 28-ноябрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Караколдо жумушчу сапардын алкагында көмүр бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мониторингде Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмдүн адистери, Салык кызматынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү болушту.

Каракол шаарындагы көмүр саткан жайда көмүрдүн баасы тууралуу маалыматтын жоктугу аныкталып, түшүндүрүү иштеринен соң көмүрдүн баалары илинди.

Андан ары мониторинг шаардагы пассажирдик автобазанын ичиндеги көмүр сатылуучу жайда уланып, ал жерде да көмүрдүн баасы илинбеген фактылар аныкталды. Жыйынтыгында жазма эскертүүлөр берилди.