> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин Мурас-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды
- URL: https://im.kg/koom/2023/11/30/bishkiektin-muras-ordo-konushunda-bala-bakchanyn-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2023-11-30T05:46:16.000Z
- Updated: 2023-11-30T05:46:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектин мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.**

Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2700 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 1.6 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу жана тосмолорун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн «Ак-Бата» АТАК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/1701314226.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/1701314233-1.jpeg)