Бишкектин Мурас-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектин мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2700 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 1.6 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу жана тосмолорун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн «Ак-Бата» АТАК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.