Депутаттар "Жол фонду жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту

Бүгүн, 29-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жол фонду жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев тааныштырды.

“Жол фонду жөнүндө” мыйзамын автомобиль күйүүчү майы катары колдонулган суюлтулган көмүр суутек газына (СКГ) акциздик салыкты киргизүү бөлүгүндө Салык кодексинине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында жана каражаттарды топтоо жана өлкөнүн автомобиль жолдорун курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана техникалык өнүктүрүүнү каржылоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн “Жол фонду жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.

Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков унааларга колдонулуучу газдан алынган салыктын эсебинен жол фондуна чегерүүлөрдү тактап, ал каражаттардын максаттуу пайдаланышына кызыкты.

Баяндамачы фонддун каражаттарынын булактары болуп күйүүчү-майлоочу материалдарга акциздик салыктын 50%дан кем эмес түшүүсү – 1 млрд 234 млн сом, транспорт каражаттарын каттоо үчүн төлөмдөр – 1 млн 834 млн сом жана башка кирешелер саналарын билдирди.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.