Түркияда иштеген кыргызстандыктар келечекте пенсияга чыга алышат – Соцфонд

2020-жылы тартып КРнын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Бул тууралуу Соцфонд эскертти.

Такталгандай, эки өкмөттүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 190 суроо-талап жиберилген, 186 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.

Келишимдин алкагында Түркия 1 кыргызстандыкка пенсия чектеди.