Кадамжайда жаңы оорукана курулду

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Курулуш үчүн жалпы 58 млн сом республикалык бюджеттен каржыланды.

Аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. Алар азырынча Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эскилиги жеткен имаратында жайгашып турат.