Мамкурулуш Баткендеги соцобъекттердин курулушун текшерди

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги Баткен облусундагы курулуш иштери аяктап, пайдаланууга даяр турган объектилердин даярдыгын жана сапатын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, текшерүү төмөнкү объекттерде жүргүзүлдү:

• Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектеби;

• Ак-Сай айылындагы "Эдельвейс" бала бакчасы;

• Көк-Таш айылындагы "Көк-Таш" башталгыч мектеби;

• Көк-Таш айылындагы "Учкун" балдар бакчасы

• Достук айылындагы "Достук" орто мектеби;

• Достук айылындагы "Бөбөктай" мектепке чейинки билим берүү уюму;

• Жаш-Тилек айылы, 275 орунга ылайыкташтырылган "Жаш-Тилек" орто мектеби.