Ат-Башыда маданият үйү жаңыланды – оңдоо иштери 30 жылдан бери өткөрүлгөн эмес

Нарын облусунун Ат-Башы районунун С.Андабеков атындагы Маданият үйү ишмердүүлүгүн 1991-жылы баштаган. Пайдаланууга тапшырылгандан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Чатырынан суу тамып, дубалдарынан жарака кетип, эмеректери, эшик-терезелеринин эскилиги жеткен абалдагы Маданият үйү Мамкурулуштун көзөмөлүнө алынып, капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Буга чейин иштебей турган жылуулук системасы оңдолду.

Бүгүнкү күндө объекттин куурулуш иштери дээрлик аяктап калды. Жыл аягына чейин пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө.