Бишкекте жаңы №102 жана №162 автобустар ишке кирди

Бишкекте №102 жана №162 автобустар жүрө баштады. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№102 автобус Рухий- Мурас жаңы конушунан Ош базарына чейин каттайт. Узундугу 25,5 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамга 12 автобус чыгат.

№162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат.