> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокат районунда көмүр сатуучуларга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/04/nookat-raionunda-komur-satuuchulargha-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2023-12-04T05:45:51.000Z
- Updated: 2023-12-04T05:45:50.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ноокат районунун аймагында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүдү.**

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7.4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6 500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди. 

Андан сырткары, 1 көмүр сатуучу жайга көмүрдү белгиленген баадан жогору сатып жаткандыгы үчүн 3000 сом айып пул, ал эми 2 көмүр сатуучу жайга белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пулдар салынды.