Ноокат районунда көмүр сатуучуларга айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ноокат районунун аймагында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүдү.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7.4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6 500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.

Андан сырткары, 1 көмүр сатуучу жайга көмүрдү белгиленген баадан жогору сатып жаткандыгы үчүн 3000 сом айып пул, ал эми 2 көмүр сатуучу жайга белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пулдар салынды.