Социалдык келишим алган бишкектиктер кандай ишкерлик менен алектенишет? Мэриянын жообу

Бишкектин Свердлов районунун башчысы Алтынбек Кутманов мурда бекитилген бизнес-пландарга ылайык өз ишин уюштуруу үчүн жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алган, социалдык келишимдин негизинде мамлекеттен жардам алган үй-бүлөлөргө барды.

Мэриядан билдиришкендей, 2022-жылы Свердлов районунда долбоордун 95 катышуучусу бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон алса, 2023-жылы бул колдоону алардын 22си алган:

·      тигүү өндүрүшү – 19;

·      турмуш – тиричилик кызматтары (клинингдик) – 1;

·      автоунаа сатып алуу – (такси кызматы) – 2.

Мурда ар бир балага ай сайын 1 200 сомдон жөлөк пул алып, социалдык келишим түзүүнүн пайдасына жөлөк пулдан баш тарткандар азыркы учурда финансылык абалы жакшы өзгөрүп, айлык акысы айына 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин өзгөрүп турат. Финансылык абалдын бул олуттуу жакшырышы социалдык келишимди ишке ашыруудагы ийгиликтин ачык мисалы болуп саналат.

Район башчысы Алтынбек Кутманов социалдык келишимдин бардык катышуучуларына өздөрүнүн жана үй-бүлөлөрүнүн жашоосун жакшыртууга умтулгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Ал   өнүгүп келе жаткан коомду курууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.