Түркиядан жасалма долларларды алып келген кылмышкерлер кармалды

Бишкекте трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Түркиядан чыккан жасалма акчаларды сатуу менен алектенген кыргызстандыктар Ж.К.А. жана М.К.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, кармалган адамдар Өзбекстан жана Түркиянын жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, КР жана Өзбекстандын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан.

Учурда КРнын жана Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.