Бишкектеги көмүр сатуу түйүндөрү – даректер

Бишкектин мэриясы көмүрдүн маркасы, сатуу пункттары жана көмүрдүн баасын жарыялады.

Ленин району боюнча калкка көмүр төмөндөгү отун базаларынан сатылат:

• Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;

• Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) «Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;

• «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;

• «Беш Сары» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1Б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;

• Дэн Сяопин пр., 306а дарегиндеги КР Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;

• ЖИ "Болотбеков", Дэн Сяопин пр., 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;

• «Золотая корпорация» ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;

• Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көч., 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.

Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:

• «Ак-Босого» конушу, Профессор Зима 156а дарегинд 1 кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;

• Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;

• Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;

• «Алтын-Бешик» конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;

• Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде 1 мүшөк көмүр 280 сомдон;

• «Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сомдон;

• Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр 240 сомдон сатылууда;

• «Калыс Ордо» конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө 1 кап көмүр 250 сомдон.

Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

• Достоевский көчөсү №1, «Шабыркул» тоннасы 6200 сом;

• айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.

Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

• «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сом;

• "Кара-Жыгач" конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;

• - "Рухий-Мурас" конушу Бейшеналиева көч. - Рухий Мурас 2 көч., “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.