Илимий биологиялык лабораториясынын куруусуна 61.6 млн сом бөлүнөт

Финансы министрлиги тарабынан микроклоналдык метод менен өсүмдүктөрдүн вируссуз көчөттөрүн алуу үчүн инвитро (invitro) илимий-өндүрүштүк биологиялык лабораториясын уюштурууга 61 млн 638 миң сом бөлүнүп берилет. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментине 36 млн 638 миң сом берилет.

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине 25 млн сом бөлүнөт.