Австрияда «Кыргыз почтанын» филиалы ачылды

2023-жылдын 4-декабрында Австрияда «Кыргыз почтасы» ААКнун өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Ачылыш аземинде «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому жана Panalpa Handels und Entwicklungs менен маанилүү макулдашууга кол коюлду.

Бул долбоор жеткирүү убактысын кыскартууда жана почта кызматтарынын сапатын жакшыртууда чоң роль ойнойт, ошондой эле логистиканы жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө түрткү болот. Бул долбоор кол өнөрчүлөргө жана ишкерлерге өз өндүрүмдөрүн дүйнөлүк рынокко экспорттоого уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилей кетүү маанилүү.

Өкүлчүлүктүн ачылыш аземине КРнын Австриядагы элчиси Толенди Макеев жана «Кыргыз почтасынын» генералдык директору Марат Черикчиев, ошондой эле Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышты.