Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1.2 миң тоннадан ашык ун таратылат

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 215 тонна ун жана 112.9 тонна өсүмдүк майы таратылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Министрлик тарабынан ишке ашырылууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн витаминдер менен байытылган ун жана өсүмдүк майы берилет.

2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча айыл өкмөттөрүндө мындай 444 долбоор ишке ашырылган. Аларга 10 839 аз камсыз болгон үй-бүлө же 56 919 адам катышып, аларга 3 037 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) берилди.