Бишкекте № 40 автобустун жүрүү кыймылы өзгөрүүдө

2023-жылдын 6-декабрынан баштап Бишкектеги №40 автобустук каттамдын кыймылынын схемасы өзгөрүп жатат. Эми бул каттам (Военно-Антоновкадан ("РИОМ" автобазары - Новопокровка айылы) жүрөт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Бул каттамды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№40 автобус узарылды. Военно-Антоновка «унаа базары», бул каттамдын маршруту Ден-Сяопин проспектисин бойлой, андан ары Фучик көчөсү менен жана   Жибек-Жолу проспектиси бойлой  Новопокровка айылына чейин, акыркы аялдамасы Кирпичная көчөсү болот. Узундугу 43 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 22 автобус чыгат.