> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атада жаңы кичи район курулат – шаарга 34 гектар жер берилет
- URL: https://im.kg/koom/2023/12/06/cholpon-atada-zhany-kichi-raion-kurulat-shaargha-34-ghiektar-zhier-bieriliet/
- Published: 2023-12-06T05:30:15.000Z
- Updated: 2023-12-06T05:30:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Атага шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Документке ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 35 гектар жерди белгиленген тартипте өткөрүп берүү тапшырылды, анын ичинен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына 1 гектар жер, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына 34 гектар жер.

Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз бергендердин саны 3 миң адамдан ашат. Учурда жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.