Чолпон-Атада жаңы кичи район курулат – шаарга 34 гектар жер берилет

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Атага шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Документке ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 35 гектар жерди белгиленген тартипте өткөрүп берүү тапшырылды, анын ичинен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына 1 гектар жер, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына 34 гектар жер.

Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз бергендердин саны 3 миң адамдан ашат. Учурда жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.