Таласта 275 орундуу мектептип курулушу аяктады

Талас облусунун Талас районуна караштуу Нуржанов айыл өкмөтүнүн Көк-Токой айылындагы Ш. Шеркулов атындагы 275 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Объекттин курулушу 2015-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталып, долбоордук кубаттуулугу 275 орунга эсептелген.

Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 1945,7 чарчы метрин түзөт.