Aero Nomad Airlines Москвадан каттамдардын санын көбөйтүүдө

«Aero Nomad Airlines» Москвадан Бишкек жана Ош шаарларына каттамдардын санын көбөйтүүдө. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Каттамдар Airbus — 320 учактары менен аткарылмакчы.  9-декабрдан баштап Бишкектен Москвага каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби күндөрү аткарылат.

5-декабрдан баштап Ош-Москва багыты боюнча каттамдар жумасына 5 жолу аткарылат - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү.