Кара-Кулжада көмүр саткандарга айып пул салынды

2023-жылдын 6-декабрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кара-Кулжа районунун аймагында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүдү.

Мониторингдин жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында 2 көмүр сатуучу жайга белгиленген баадан жогору сатып жаткандыгы үчүн 3000 сомдон айып пул салынды.

Көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленгендиги жөнүндө буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.