Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

2023-жылдын 12-декабрынан тартып КР менен Кытайдын ортосунда Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз авиакаттам ачылат. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Бул авиакаттамды кытайдын “Loong Air” авиакомпаниясы жумасына эки жолу (шейшемби, ишемби) аткарат.

Авиакаттам боюнча маалымат:

·         Рейс № GJ8531, Чэнду (09:15) – Бишкек (12:50);

·         Рейс № GJ8532, Бишкек (13:50) – Чэнду (20:35).