Таласта көмүргө мониторинг жүргүзүлдү

2023-жылдын 8-декабрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Таластагы көмүр сатылуучу жайларга мониторинг жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө көмүр отунун баасына байкоолор жана ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө Талас облусунун Талас шаарынын социалдык көмүр базасында жергиликтүү көмүр 1 тоннасы 5 900 сомдон, ал эми импорттук көмүрдүн 1 тоннасы 8 200 сомдон сатылууда.

Башка көмүр базаларында жергиликтүү көмүр салмагы 1 кг – 6 сомдон, капка салып берүү кызматы менен 1 кг – 6.5 сомго чейин, ал эми импорттук көмүр 1 кг 8.4 – 8.8 сомдон, ал эми капка салып бергени – 9 сомго чейин сатылып жатат.

Учурда Талас шаарында көмүрдүн баасы белгиленген баадан ашпай сатылып жатат.